Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.09.2018 13:41 На русском

Ысык-Көлдө боз үйлөр сынагы өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Арык Мырзанын 450 жылдык мааракесинин алкагында боз үйлөр сынагы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка маараке үчүн тигилген 150дөн ашык боз үйдүн ичинен 20 боз үй катышты.

Калыстар тобунун төрагасы Өмүрбек Таамаевдин айтымында, сынак Ак-Суу районундагы айыл өкмөттөр арасында жана жалпы облус боюнча өткөн.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунга Түп району, 2-орунга Каракол шаары ээ болду. Ал эми Ак-Суу районунун айыл өкмөттөрү арасындагы сынакта Ак-Чий айыл өкмөтү 1-орунга ээ болсо, 2-орунду Ак-Суу райондук психо-неврологиялык жатак үйү камсыз кылды. Ал эми 3-орунду Теплоключенка жана Октябрь айыл өкмөттөрү алышты.

Ө.Таамаевдин айтуусунда, сынактын жыйынтыгы менен биринчи орун үчүн 50 миң сом, экинчи орунга 30 миң сом, үчүнчү орунга 20 миң тапшырылып, андан сырткары 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Сынакка жалпы 215 миң сом бөлүнүп, калыстар боз үйдүн жасалгасына, буюм-тайымдарына көңүл бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×