Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.09.2018 14:32 На русском

Ак-Сууда 9-класстын окуучусуна мектепке хиджаб кийип келүүгө уруксат берилди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Б.Мамытов атындагы Ак-Булак орто мектебинин 9-классынын окуучусу Айжанат Турдукееваны хиджаб кийип келгендигине байланыштуу мектептин администрациясы мектептке киргизбей койду деген маалымат боюнча Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү жооп кайтарды.

Маалыматка караганда, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөлгө алуу менен Айжанатты мектепке хиджаб кийип келгендиги үчүн эмес, анын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок болгондугуна байланыштуу мектептин администрациясы 9-класска кабыл алынсын деген буйрук чыгара албасын билдирген.

Окуучу ата-энесинин колунда эмес эже-жездесинин колунда тарбияланып жаткан, азыркы учурда туулгандыгы жөнүнүдөгү күбөлүгүн алып берүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Ак-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Айжанатка туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алып берүү маселеси сүйлөшүлдү.

«Өкмөттүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун 42-пунктунда белгиленгендей, окуучу ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү жөнүндө анын ичинде мектептик кийим талаптарын аткарууга милдеттүү. Ошого карабастан учурда хиджаб кийип келген учурлар көбөйүүдө. Ошентсе дагы бир дагы мектептин окуучуну мектептен чыгарып салууга укугу жок, ар бир бала билим алууга укуктуу, мектеп бекиткен форма менен эмес окуучу ак көйнөк, кара юбка же шым кийип келсе дагы болот экендигин билдиребиз. Ошондой эле, Б.Мамытов атындагы жалпы билим берүүчү Ак-Булак орто мектебинде дагы Айжанатка жоолук салынып келүү мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлүп берилди», - деп айтылат Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×