Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.09.2018 11:17

Ысык-Көлдө комузчулардын сынагында баш байгени уткан Бек Алагушевге жубайы өзгөчө белек кылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Арык Мырзанын 450 жылдык мааракесинде Кыргыз эл артисти, кара күүнүн устаты, залкар комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдык мааракесине арналган комузчулардын жана комузчулар ансамблдеринин республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, баш байгени жана 70 миң сомду Бишкектен келген комузчу Бек Алагушев алды. Биринчи орунду Нарын облусунан келген Улук Эркалиев ээлеп, 45 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду Таластан келген Шеркул уулу Шеркул алып, 20 миң сом утуп алса, 3-орунду Нарындан келген Өмүргазы уулу Жыргал алып, 15 миң сом менен сыйланды.

Ал эми баш байгени утуп алган комузчу Бек Алагушев кош кубанычтын ээси болду. Келинчеги эркек бала төрөп, атын Ыбырай коюшту.

«Мен өзүмө ишенбей турамын, залкар комузчу Ыбырай Тумановдун күүлөрүн аткаруу боюнча республикалык кароо-сынакка келип, кечээ келинчегим эркек бала төрөп бергенден кийин Ыбырай атамдай белгилүү комузчу болсун деп ысымын Ыбырай койсок, калыстар бүгүн баш байгени беришти», - деди Бек.

«Жубайың Ыбырай деген атты чанып, заманбап ат коёмун дебейби?» деген суроого ал: «Өзүм Тоң районундагы Ак-Сай айылында туулгам. Тун баласына, анын үстүнө эркек баласына атасынын ат коюуга толук укугу бар. Анын үстүнө Ыбырай Туманов залкар комузчунун ысымын алып жүрүү чоң сыймык да», - деди.

Ыбырай Тумановдун күүлөрүн аткаруу боюнча республикалык сынакта биринчи орун менен 20 миң сомго Каракол шаардык комузчулар ансамбли ээ болду. Байгелерди «Ак-Суу Арашан» коомдук бирикмеси менен Ыбырай Тумановдун туугандары тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×