Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.09.2018 08:48

Ак-Сууда Арык Мырзанын 450 жылдыгында 9 манасчыга акчалай сыйлык берилди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунда белгиленген Арык Мырзанын 450 жылдык мааракесинин алкагында 9 манасчы 3 күн «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул тууралуу манасчы, Түп райондук ооруканасынын дарыгери Кубанычбек Алмабеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Ысык-Көл облусунан тышкары Бишкек шаарынан жана Талас облусунан келген манасчылар катышты.

«Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир манасчыга Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин ыраазычылык каттары жана 9 манасчыга 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилди», - деди К.Алмабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×