Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.09.2018 16:48 На русском

Ак-Сууда Арык Мырзанын 450 жылдык мааракеси өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-сентябрда Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында Арык Мырза Орозбакты уулунун 450 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Презитенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, 7 дубандан келген өкүлдөр, коомдук ишкерлер, аксалалар жана ысык-көлдүктөр катышууда.

Алгач облустук музыкалык драм театрынын артисттери тарабынан мааракеге арналып даярдалган спектакль көрсөтүлүп, иш-чара акындардын айтышы жана облустун жана Бишкек шаарынан келген ырчы-бийчилердин концерти менен уланды.

Мааракеде жетекчилер Арык Мырза Орозбакты уулунун өзүнүн элге жасаган эмгегин, анын кыргыз тарыхындагы ордун белгилешип, кыргыз элине ынтымак, өлкөгө өнүгүү каалашты.

Мааракени өткөрүүнү демилгелеген «Ак-Суу Арашан» коомунун төрагасы Аскарбек Жаныбековдун билдирүүсүндө, мааракеде 150гө жакын боз үй тигилип, ат чабыштын 7 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Тай чабыш, кунан чабыш, кунан жорго, бышты жорго, топ байге, чоң жорго, аламандан тышкары, көк бөрү оюну үч күнгө улантылат. Кыргыз күрөш, эр оодарыш, кыз куумай сыяктуу оюндар өтөт. Ат оюндарынын баш байгесине жеңил унаалар коюлуп жатат. Андан сырткары, акчалай сыйлыктар берилет.

Мааракеге карата 45 мүнөттүк публицистикалық фильм тартылып, атайы китеп басылып чыккан.

Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев Ак-Суу районунда быйыл көп иш-чаралар пландалганын айтат.

Анын ичинде Ак-Суу районунун 45 жылдыгы, Чоюке манасчынын 90 жылдыгы, Кыдыр Акенин 175, Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгы, Аксуубай Атабаевдин, Гүлсүн Момушеванын, Шаабай Азизовдун мааракелери бар. Булардын бир тобу райондук деңгээлде белгиленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×