Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.09.2018 17:34 На русском

Жыргалаң капчыгайында адашкан израилдик турист 1 күндөн кийин табылды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң капчыгайында адашып калган туристке куткаруучулар жардам көрсөтүштү. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Израиль өлкөсүнүн жараны болгон.

1990-жылы туулган Ш.М. кечээ, 12-сентябрда адашып, аны издөө жана куткаруу иштерине ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 8 куткаруучусу чыккан. Алар бүгүн, 13-сентябрда саат 09:05 чамасында туристти таап, саат 14:45 чамасында Жыргалаң айылына жетишти.

Учурда израилдик эс алуучунун абалы жакшы. Ага керектүү жардамдар көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×