Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.09.2018 08:21

Ак-Суунун Жаңы-Арык айылында 2,5 млн сомго кичи футболдук аянтча ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында кичи футболдук аянтча ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова, аким Улан Дөкөнбаев, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун өкүдөрү, куруучулар жана тургундар катышты. Курулушка Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 542 миң сом бөлүнгөн.

«Спорт аянтча жаштарды спортко тартуу максатында курулду. Жыл башында өкмөттүн өкүлү менен жолукканда тургундар спорт аянтчасынын жоктугун айтышкан. Төрт айда курулуш аяктады», - деди аким.

Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчысы Сагын Баракановдун айтымында, Жаңы-Арык айылында эски мектептин ордуна эми спорт залы менен жаңы мектеп салынганы турат. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 59 млн сом бөлүнүп, тендер жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×