Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.09.2018 16:19

Ак-Суудагы крахмал заводу үчүн быйыл 23 гектарга картошканын жаңы сорту эгилген

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы крахмал заводу үчүн быйыл 23 гектар жерге картошка айдалган. Бул тууралуу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациянын экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Баялин Садабаев билдирди.

Анын айтымында, айылда Түшүтүк Кореянын инвесторлору тарабынан салынган ишкана 2015-жылы ишке берилип, бирок былтыр иши токтоп калган.

«Иштебей калуунун себеби катары биздин картошканын баасы алар үчүн жогору болуп калганын айтууда. Бул баа менен кеткен чыгым акталбай калат дешти. Инвесторлор анын үстүнө, биздин картошканын курамында крахмалы аз деп көңүлдөнбөй турушат. Андыктан, быйыл өздөрүнүн аракети менен Европадан алынган, курамында крахмалы көп картошканын жаңы сортун 23 гектар жерге себишкен. Учурда анын түшүмдүүлүгү жакшы болчудай деп жатышат», - деди Б.Садабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×