Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.09.2018 21:20 Жаңыланды: 05.09.2018 22:20

Ак-Суудагы фермерлерге жүгөрүнү тоют катары өстүрүүнүн жолдору түшүндүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунда талаа күнү белгиленип, ага 100дөн ашык фермер-дыйкандар катышты. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунан келген дыйкандарга жүгөрүнү өстүрүүнүн жолдорун айтып беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Фермерлер атайын окууга жана талаада өткөн практикалык ишке катышты. Ак-Суу районундагы дыйкан чарбасында жүгөрүнүн жаңы 5 сорту себилген. Чарбанын башчысы Аскар Жаныбеков жүгөрү өстүрүүнүн сырларын айтып берди.

«Бүгүнкү семинарда жүгөрүнү тоют катары өстүрүүнү фермерлерге түшүндүрүп жатабыз. Мисалы, 1 гектар жерге чөп айдагандан көрө жүгөрү айдаса, 3 эсе көп түшүм берет. Андан жасалган тоютту колдонуу да өтө ыңгайлуу. Ал уйдун сүттүүлүгүн жогорулатып, малды байлап семиртүүгө өтө ыңгайлуу жана пайдалуу. Буга чейин фермерлер теориясын окуган болсо, бүгүн билимди иш жүзүндө пайдаланып, практикалык иштер менен таанышууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×