Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.08.2018 12:21

Эгемендүүлүк майрамы: Ак-Сууда кол өнөрчүлөрдүн сынагы, тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Ак-Суу районунда Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Райондун борбору Теплоключенка айылында кол өнөрчүлөрдүн сынагы, тамак-аштар көргөзмөсү өтүп, каада-салттар көрсөтүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттын жүрүшүндө райондун түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга наамдар ыйгарылды. Райондук администрация тарабынан 4 адамга «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы, 9 тургунга «Кадырлуу эмгек каарманы» сыйлыгы жана облустук өкүлчүлүктүн, райондук администрациянын ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.

Ошондой эле майрамдык иш-чара «Боз салкын» ыр-бий ансамблинин концерти менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×