Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.08.2018 16:19 На русском

Видео, сүрөт — Аскер кызматкери унаасы менен сүзүп өлтүргөн Айгүлдүн артында эки уулу калды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын аймагындагы жол кырсыгына кабылып каза болгон Айгүл Курманкалиеванын жакындары жөө жүргүнчүнү сүзгөн «Хендай» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун камактан бошотулганына нааразы болушууда. Ак-Суу районунун Энчилеш айылынын 80 жаштагы тургуну – маркум Айгүл Курманкалиеванын атасы Бексырга Курманкалиев Turmush басылмасына кайрылып, укук коргоо органдарынан аталган жол кырсык боюнча акыйкаттуу иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылды.

Айгүл Курманкалиева

c61cd036b9bdb5cbd7c6c3af9561f03b_500_0_0

«Кызымдын эки баласы бар. 2,5 жаштагы баласы жол кырсыгынан кийин ооруканада жатат. Дагы бир уулу аскердик кызматын өтөп жатат», - деди ал.

Маркумдун 20 жаштагы уулу Иман кичинекей инисинин абалы учурда оор экенин айтты. Иман өзү аскер кызматкери.

87f0bbaf7f2bfcad3a750cc3502333c7_500_0_0

Буга чейин «Хендай» үлгүсүндөгү унаа балалуу аялды сүзүп кеткендиги маалымдалган. Окуя 27-августта саат 00:30 чамасында болуп, рулда «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери экени белгилүү болгон.

28-августта АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, оор жаракат алган аял ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми анын баласы ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк Аламүдүндөгү Лебединовка айылынын аймагындагы аскер кызматкери катышкан жол кырсыктын себептери иликтенип жаткандыгын аймактык кабарчыга Кант шаарында жайгашкан аскер авиабазасынын басма сөз кызматы билдирген болчу.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Чүй ОИИБдин ЖКККБы тарабынан жүргүзүлгөн атайын текшерүүдө жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу алкоголдук ичимдик ичпегени жана баңгизат колдонбогону аныкталган.

«Эмгек өргүүдө жүргөн аскер кызматкери базага чакыртылып, өзүнүн кызматтык милдеттеринен четтетилди. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын борбордук аскер округунун буйругуна ылайык, аскер кызматкери катышкан жол кырсыктын себептери иликтенип баштады. Жакын арада жол кырсыктын күнөөкөрүн тиешелүү жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим чыгат.

Өз кезегинде, борбордук аскер округу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат жана аларга моралдык, материалдык жактан жардам берүүгө даяр», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×