Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.08.2018 16:25 Жаңыланды: 14.08.2018 17:18

Ак-Суудагы каналдын суусуна 2 жаш бала агып кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы каналга 2 жаш бала агып кеткени маалымдалды, деп билдирди ӨКМ. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн айтылган дарекке ӨКМдин Ак-Суу райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар, ИИМдин милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан жалпы 170 адам барган. Учурда издөө иштери уланууда.

Кийинчерээк маалым болгондой, балдардын каналга кулаганы тууралуу 9 жаштагы кыз бүгүн, 14-августта саат 09:30да билдирген. Анын айтымында, каналга биринчи 8 жаштагы кыз кулап, анын артынан 2 жаштагы бала түшкөн. Алардын ата-энеси бул кырсыкты саат 10:30 чамасында гана билишкен.

Издөө-куткаруу иштеринин алкагында каналдагы суу токтотулуп, маалыматты тактоо жана балдарды издөө иштери улантылып жатат. Бирок ӨКМдин аймактагы бөлүмүнө балдар жоголгону тууралуу арыз бериле элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×