Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.07.2018 13:15

Ак-Суунун Теплоключенка айылында кичи футбол боюнча муундар аралык мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кичи футбол боюнча муундар аралык «Ынтымак кубогу» мелдеши болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мелдешке 22 команда катышып, аны бул жолу айылдын 1984-жылы туулган жигиттери уюштурушту. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду 1985-жылы туулгандар алса, 2-орунду 1991-жылкылар, 3-орунду 1995-жылкы жигиттер багындырышты.

Эми кийинки мелдешти Теплоключенка айылынын 1988-жылы туулган жигиттери өткөрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×