Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.06.2018 18:26 На русском

Чет өлкөлүк туристтер жабыркаган жол кырсык: Караколдук айдоочу окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Чет өлкөлүк 3 жаран жаракат алган Ак-Суу районунун аймагындагы Алтын-Арашан капчыгайындагы жол-транспорт кырсыктын айрым жагдайлары белгилүү болду.

Буга чейин Turmush басылмасы жол кырсык 16-июнда саат 14:00 чамасында Ак-Суу айылынын аймагында болгонун жазган. Ысык-Көл облустук ооруканасына саат 15:00 чамасында жеткирилген жабырлануучулар:

- 1992-жылы туулган Н.Г., (эркек киши) АКШнын жараны, амбулатордук жардам алган;

- 1992-жылы туулган Л.З. (эркек киши), Кытайдын жараны, амбулатордук жардам алган;

- 1992-жылы туулган А.Д. (аял киши), Малайзиянын жараны, оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган;

- 1976-жылы туулган Ш.Д. (эркек киши, унаанын айдоочусу), Каракол шаарынын тургуну, оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Аймактык кабарчы жол кырсыкка кабылган «УАЗдын» айдоочусуна жолукту. Анын айтымында, 16-июнда эртең менен кичинекей туристтик газ баллондорун жеткирүү үчүн Караколдон Алтын-Арашан капчыгайына чыккан.

«Газ баллондорду жеткирип, боз үй лагеринин ээси менен чай ичтим. Ал жерде 1,5 сааттай отуруп, жаандын токтошун күттүм. Анткени жамгырда жол жүрүү көйгөй жаратат. Бул учурда жаан азайып калды. Алтын-Арашанда мага туристтер 3 жолу келип, шаарга чейин жеткирип коюуну суранышкан болчу. Жаан жаап жаткандыктан алгач аларды жеткирүүдөн баш тарттым. Алар ала кетүүнү өтүнүп, андан кийин макул болгом», - деди айдоочу.

Алтын-Арашан—Каракол жолунун болжол менен 5-чакырымында жаан катуулап, жолду суу жеп, анын кесепетинен унаа четке чыгып кеткен.

«Унаа башкаруусун жоготту. Туристтерге дароо унаадан секирүү керектигин айтсам, алар эмне кыларын билбей калышты. Андан кийин унаа капталдап жыгылып, оодарылып кетти. Бизге каршы тилкеде туристтерди ташыган унаа келе жаткан. Алар туристтерди жана мени унаадан чыгарып, Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткиришти. Менин унаамдагы туристтерди медиктер текшерди. Алар жеңил жаракат алган экен. Учурда облустук оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатам. Абалым канааттандырарлык», - деди ал.

Медицина кызматкерлеринин маалыматына караганда, айдоочунун биринчи бел омурткасы сынган, жүлүнү жабыркаган эмес. Ал эми туристтердин абалы канааттандырарлык, алар оор жаракат алган жок.

Туристтер өз өлкөлөрүнө кетүү үчүн Бишкек шаарына чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×