Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.06.2018 15:32 На русском

Ак-Суудагы капчыгайда жол кырсыктан жабыркагандардын үчөө чет өлкөлүк жарандар (тизме)

Turmush -  Алтын-Арашан капчыгайындагы жол кырсыктан 4 адам жаракат алды. Алардын үчөө чет өлкөлүктөр болгон, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 16-июнда саат 14:00 чамасында Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылынын аймагында болду.

Ысык-Көл облустук ооруканасына саат 15:00 чамасында жеткирилген жабырлануучулар:

- 1992-жылы туулган Н.Г., (эркек киши) АКШнын жараны, амбулатордук жардам алган;

- 1992-жылы туулган Л.З. (эркек киши), Кытайдын жараны, амбулатордук жардам алган;

- 1992-жылы туулган А.Д. (аял киши), Малайзиянын жараны, оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1976-жылы туулган Ш.Д. (эркек киши), Каракол шаарынын тургуну, оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча унааны Каракол шаарынын тургуну башкарып бара жаткан. Ал туристтерге жаратылышты тааныштыруу турларын уюштурат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×