Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.05.2018 18:06

Ак-Сууда Жыргалаң жайлоосуна кеткен жол кар көчкүдөн тазаланды (видео)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Жыргалаң жайлоосуна бара турган жолго түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Өмүрбек Эсекеев билдирди.

«Жыргалаң жайлоосуна бара турчу жолдун Каптал-Карагай тилкесин тосуп калган кар көчкү кечээ, 30-майда тазаланды. Негизи бул жолдон көп малчылар жайлоого өтөт. Майда кар көчкүлөр тез-тезден түшүп тапталып калат. Бул жолкусу көөбүрөк түшүп, жолду тосуп калган. Жайыт комитетине келген жаңы трактор менен кар көчкүнү тазаладык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×