Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.05.2018 16:23

Ак-Суудагы балдар үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда футбол мелдеши өтөт

Turmush -  Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында жайгашкан балдар үйүндө 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата футбол боюнча мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу балдар үйүнүн жетекчиси Жеңишгүл Ниязова билдирди.

Анын айтымында, спорттук мелдешке Жогорку Кеңештин депутаттары да катышат.

«Балдар үйү республикага карагандыктан ар кайсы аймактан келгендер бар. Алардын көбү Ысык-Көл облусунун райондорунан келген балдар. Бизде Балдарды коргоо күнүн белгилөө салтка айланып калган. Быйыл жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз. Иш-чарада балдар даярдалган концерттик программа болот. Мындан тышкары биздеги тигүү цехте балдардын колунан жаралган төшөктөр, жаздыкчалар жана оюнчуктар сатыкка коюлуп, сүрөт ийримине катышкан балдар асфальтка сүрөт тартышат. Ошондой эле 5 млн сом бөлүп, спорт аянтчасынын курулушуна жардам берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда футбол мелдеши өткөрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×