Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.05.2018 12:46 На русском

Ысык-Көлдө күйөөсүнүн көзүнчө 45 жаштагы аялды зордуктап, өлтүрүп кетишти

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол совхозунда аялды зордуктап, өлтүрүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Суу районунун Каракол совхозунун 1973-жылы туулган тургуну Е.Н.дин зордукталып өлтүрүлгөн денеси аталган айылдын талаасынан табылган. Ички иштер кызматкерлердин иликтөөсүнө караганда, 17-майда кечке маал маркум Е.Н. күйөөсү жана ушул айылдын 1989-жылы туулган тургуну Ш.А. менен чогуу ичимдик ичкени белгилүү болгон. Маркумдун күйөөсү милиция кызматкерлерине катуу мас болуп жерден тура албаганын жана андан аркы окуянын чоо-жайын билбей калганын билдирген.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүк автоунаасынан кылмышка байланышкан заттар табылган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнү издөө жана адам өлүмүнө байланыштуу окуяны иликтөө иши жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×