Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.04.2018 13:27

Ак-Сууда футболчу Анарбек уулу Азаттын элесине арналган мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында Анарбек уулу Азаттын элесине арналган мелдеш болуп өттү.

Теплоключенка айылынын ардагерлери өткөрүшкөн бул мелдешке жалпы 19 команда катышты. Оюн кызуу жүрүп, жыйынтыгында 1- орунду Сары-Камыш айылы, 2-орунду Отрадное айылы, 3-орунду Боз-Учук командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр акимиаттын дипломдору, медалдары жана демөөрчүлөрдүн белектери менен сыйланган.

Маркум Анарбек уулу Азаттын жаркын элесине арналган футбол командасы 2007-жылы уюшулган. Азат «Дордой» командасынын жаштар лигасында ойночу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×