Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.04.2018 15:56

Теплоключенка айылында кичи футбол боюнча муундар аралык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча муун аралык «Ынтымак» кубогу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеш бул жылы Теплоключенка айылынын ардагерлери тарабынан өткөрүлүп, ага ардагер Максат Көбөнбаев 100 миң сом демөөрчүлүк кылып, райондун стадионуна балдар үчүн атайын селкинчек, турник, эс алуу үчүн чатырча орнотту.

Мелдешке 18 команда катышып, 1-орунду 1990-жылы төрөлгөндөр, 2-орунду 1985-жылкы жигиттер, 3-орунду 1993-жылы төрөлгөн жигиттер алышты.

Жеңүүчүлөр өтмө кубогу, медаль жана Ысык-Көл футбол федерациясынын ыраазычылык барактары менен сыйланышты. Кийинки муун аралык «Ынтымак» кубогунун желеги 1984-жылы төрөлгөн жарандарга салтанаттуу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×