Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.04.2018 09:28

Ак-Сууда дайынсыз жоголгон бала тоодогу токойчулар тарабынан табылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында 5 жаштагы бала дайынсыз жоголуп, тоодогу токойчулар тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-апрелде саат 17:30 чамасында Кайырма-Арык айылынын тургуну 2013-жылы туулган Э.Аширов үйдөн чыгып, тоону көздөй бет алган боюнча кайра үйүнө кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон күнү ата-энеси жана туугандары өз алдынча издеп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштерине ӨКМдин 22 куткаруучу, милициядан 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында бала 4-апрель күнү саат 18:30 чамасында Кайырма-Арык айылынан 4 чакырым алыстагы тоо жактан токойчулар тарабынан тирүү табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×