Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.04.2018 12:09 Жаңыланды: 03.04.2018 18:00

Жеңеке: Ысык-көлдүк С.Койчуканова кызын төрөгөндө жолдошу төрөт үйүнүн сыртында түнөгөн (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Орлиное айылынын 50 жаштагы тургуну Сынбат Койчуканова келиндик доордогу кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

Анын айтымында, ал саанчы болуп иштеп жүргөндө болочок жолдошун жолуктурган.

«Мен жолдошум менен жайлоодо саанчы болуп иштеп жүргөндө таанышкам. Мурун колхоз бар кезде 10-классты бүтүп, апама жардам берүү максатында саанчы болуп иштедим. Ошол жерден болочок жолдошум менен таанышып, 1986-жылы 18 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум Алыбаев Токтогул 1964-жылы туулган. Ал ошол жерде уйчу болуп иштечү. Үйлөнгөндөн кийин жашоонун ачуу-таттуусун бирге көрдүк. Көптөгөн кызыктуу күндөрдү өткөрдүк.

Отуруштарга барганда теңтуштар менин ырдаганымды аябай жактырып, дайыма ырдап беришимди өтүнүшчү эле. Мен ырдаган сайын жолдошум кызганып, жини келип отурчу. Кызым төрөлгөндө жолдошум төрөт үйүнө келип, ошол бойдон кетпей койгон эле. Сүйүнгөнүнөн түнү менен төрөт үйдүн сыртында жүрүптүр. Азыр ошол кызын өтө жакшы көрөт, жанынан чыгарбайт.

Мен бош убактымда китеп окуйм. Жолдошума чарбактагы жумуштарга аралашып жардам берем. Жолдошум экөөбүз балдарыбыздын бактысына чогуу күбө болсок экенбиз деп тилейм», - деди ал.

Алар 4 уул, 3 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×