Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.03.2018 13:47

Ак-Сууда былтыр 12 оор кылмыштын бети ачылган

Turmush -  Ак-Суу районунда өткөн жылы 12 оор кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу район прокурорунун орун басары Элизбар Данапияев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Ак-Суу районунда 15 оор кылмыш катталган, ыкчам иштердин жыйынтыгында 12 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен 3 факт адам өлтүрүү боюнча болсо, 3 факт зордуктоо фактысы болгон.

Жалпысынан кылмыштардын бетин ачуу боюнча аткарылган иштер 90 пайызды түзгөн. Учурда райондун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×