Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.02.2018 16:38

Ысык-Көлдө жаштар хоккей боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылында кечээ, 7-февралда хоккей боюнча жаштар арасында «Кыш-Кербени» аттуу облустук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу райондук өспүрүмдөр спорт мектебинин директору К.Акелеев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 8 команда катышты. Жети-Өгүздөн Светлая Поляна айылы, Чолпон-Ата шаарынан бир команда, Түп районунан «Долон-1», «Долон-2» командалары, Ак-Суу районунан Отрадное, Шапак жана Кереге-Таш айылдарынан 3 команда катышты. Мелдеште 1-2-орундарды Түтпөн келген командалар алса, 3-орунду Чолпон-Ата шаарынын командасы алды.

Мелдештин байге фондуна Жаштар иштери, дене тарбия жана спор агенттигинин облустук башкармалыгынан 17 миң сом, саясий партия тарабынан 30 миң сом берилип, дагы демөөрчүлөр тараптан да каражат чогулган.

Ак-Суу районунун спорт инструктору Сулайман уулу Эрдандын айтымында, ушул эле күнү эстафеталык оюн өткөрүлүп, анда 150 метрден 300 метрге чейин коньки менен чуркоо мелдеши өткөрүлдү. Мында биринчи оюнду Отрадное айылы алса, экинчи орунду Качыбек айылы, үчүнчү орунду Кереге-Таш айылы алган. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.

Бул мелдешти уюштурууга Ак-Суу райондук администрациясы 10 миң сом берсе, андан сырткары «Шапак баатыр» коому, Отрадное айыл өкмөтү жана башка демөөрчүлөр колдогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×