Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Балким акыйкатты өз өлкөмдөн таба албай башка жакка умтулгандырмын, - Р.Саламатова (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түркияда туристтик тармакта эмгектенген Рахат Саламатова. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган. Ал эми балалык кези Каракол шаарында өткөн. Беш бир туугандын ортончусу.

«Эжем, агам жана кенже иним бар. Менден кийинки иним 2017-жылы жайында узак оорудан улам каза болуп калды. Айла жок экен, шум ажалга эч ким каршылык көрсөтө албайт тура. Ата-энем жогорку билимдүү адамдар. Учурда Ысык-Көл облусунда мамлекеттик кызматта иштешет», - деди ал.

Рахат Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы облустук мектеп-лицейин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2008-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетине тапшырып, аны 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган.

«Активдүү жашоону жактыргандыктан бош убакытты текке кетиргим келчү эмес. Студент кезде ар бир секунд мен үчүн өтө баалуу болор эле. Ошондуктан келечекте өз ишиме тың адис болуу үчүн, өзүмдү өнүктүрүү менин эң башкы хоббим болчу. 1-2-курстарымда дзюдого барып, өзүмдү спортко көбүрөөк арнадым, кээде факультеттин атынан мелдештерге чыгып, коло медалды болсо да багындырганыма аябай сүйүнчүмүн. Кийинчерээк окуу жайды аяктар алдында моделдик мектепте дагы окуп, ошол агенттикте модель катары иштеп, андан сырткары ал агенттикте педагог жана менеджер катары эмгектендим», - деди ал.

Мекендешибиз 2011-жылы Кыргызстанда биринчи жолу ачылган Жаштар парламенти деген ири долбоорго өтүп кетип, жарым жыл бою Жогорку Кеңештин имаратында жаш депутат катары иш алып барып, Кыргызстанга тиешелүү көйгөйлөрдү талкуулап бир топ саясий тажрыйбага ээ болгон.

«Ошондо мамлекеттеги көрүнүктүү бийлик адамдары медиа тармагындагы жакшы иштерди сунуштап башташты. Мындан улам студент кезимден баштап эле басма сөз кызматтарында бир топ тажрыйба алууга жетиштим. Алгач коомдук иштер менен Казакстанга каттап жүрдүм. Андан кийин Түркиядагы эл аралык жаш режиссерлордун фестивалында алдыңкы орунга ээ болуп, ал жакка чакыруу алдым. 2013-жылы Түркиянын Конья шаарына байгемди алуу үчүн Кыргызстандын атынан барып келдим. Ошондо чет жердеги маданиятка, алардын мага кылган мамилесине, сый-урматына, шаардын тазалыгына, инфраструктурасына жана башка эң жагымдуу салттарына баа берип, абдан ыраазы болгом. "Кыргызстаным качан ушундай деңгээлге жетет болду экен?" деп ичимен суктанып, сыртыман сыр билгизбей келе бергем. Бирок ал учурда чет жакка барып иштейм деген деле ой болгон эмес. Барсам саякаттоо, эс алуу үчүн гана барып турам деген ойлор бар болчу.

Мен Кыргызстандын татыктуу жараны болгум келет. Туулган жердин топурагы алтын дегендей мекеним — мен үчүн ыйык. Тилекке каршы колдо бар алтындын баркы жок дегендей мекендин баркын, байлыгын жана келечегин ойлобогон жарандар чыгат экен. Алты саны аман туруп, мамлекет үчүн жакшылык кылгысы келбеген, тескерисинче таптаза табиятка таштанды таштап, ал эле эмес моралдык жактан деградация болуп бара жаткан жарандар четтен чыгат. Журналист катары элдин жаман-жакшы жашоосун бирдей байкап, акыйкатсыздыкты көрүп, өзүм дагы укук коргоо органдарынын адилетсиз мамилелерине туш келип, коррупциялык иштерге күбө болуп, ушунчалык ызааланган күндөр болду. Ошондой учурларда мамлекетиме эмес, мамлекеттеги бут тоскон адамдарга, коррупционерлерге таарынган күндөрүм болгон. Укук коргоо органдары менин укугумду коргобой эле, менин укугумду тепселегендердин тарабына өтүп, мени моралдык жактан ого бетер оор абалга алып келгенде чет өлкөгө кетип калууну эңсеп баштагам. Анткени ал жерде негедир мыйзамдар иштеп, коомдо тартип бардай сезилген. Мен тартипти, тазалыкты, акыйкатты сүйгөн адаммын. Балким ошол сапаттарды өз өлкөмөн таба албай башка жакка умтулгандырмын.

Рахат 2014-2016-жылдары маалымат агенттиктердин биринде иштеп, Кыргызстандын жети облусун бирдей кыдырып, бийлик өкүлдөрүнүн ишинен баштап, карапайым калктын ичкен суусуна чейин күбө болуп жүргөн.

«Агенттикте иштеп жүргөн кезде алдыңкы кызматкерлердин катарына киргеним үчүн жетекчилик мени Түркиянын Анкара шаарындагы Түркиянын мамлекеттик телерадиокорпорациясына стажировкага жөнөтүштү. Менин чет өлкөдөгү иш тажрыйбам дал ошол ТРТдан башталды десем болот. Ал жакка жөн гана тажрыйба топтоо үчүн кеткем. Бирок чет өлкө дал ошондо мени саз сыяктуу батырып алды. Анткени ошол жактан чынында көңүлүмө жаккан сапаттарды таба алдым.

ТРТда иштеп жүргөндө көптөтөн үлгү ала турган нерселерди көрдүм. Ал жакта техника жакшы өнүккөн, журналисттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн десем жанылышпайм. Ар бир адистин өз функциясы бар, тиешелүү иштерин аткарган соң, анын башын эч ким оорутпайт. Айлык маянасы жашоого жана акча топтоого жетиштүү. Мамлекеттик кызматкер үчүн насыяга үй сатып алууга жакшы жеңилдиктер берилген. Керек болсо, ТРТнын кызматкерлери үчүн атайын кызматтык унаалар каралган. Унаасы жоктор үчүн таң атпай үйдүн алдына атайын унаа келип, кесиптештерди топтоп алып кетип, кайра кечинде жеткирип коюшат. Түшкү тамактануу учурда ар кайсы жерге барып тамактанышпайт, күн сайын тынбай иштеген чоң ашканалар бар. Тыныгуу учурунда кесиптештер баары бирдей тамактанып, сыртка чыгып таза абадан дем алып, маектешип кайра ишке кызыгуу менен киришет.

Кыргызстанда журналисттердин иши чынында оор, бир журналист бир күндө кандай гана стресс аларын бир гана ошол тармакта иштеген адам билет. Кыргызстандагы журналисттер үчүн шарттар жакшы түзүлгөн эмес. Бирок ошого карабай оперативдүү иштеп, коомдук маселелерди ачыкка чыгарып, коом үчүн тынбай иштеп жатышат. Кыргызстанда түнгө чейин иштесең деле айлык маянаң ошол бойдон, баскан-турганга, кээде кызмат учурунда кеткен чыгымдарга кошумча акча берилбейт. Журналист, оператор болуп иштеген адистер айлыгы менен үй же унаа алууга мүмкүн эмес. Кыскача айтканда, бизде көбүнчө өз кесибин сүйгөндөр иштейт, мамлекетке таарынбайт, мамлекет үчүн жакшы салымдарды кошуп жатышат.

Ал эми билим жагынан айта кетсем, ар бир элдин өзгөчөлүгү бар деп ойлойм. ТРТда албетте өз кесибинин профессионалдары иштейт, билимдүү, тажрыйбалуу адистер. Биздин адистер дагы алардан кем калышпайт десем болот. Журналисттердин айырмасын айта турган болсом, азыр чет жерде көбүнчө универсалдуу журналисттер иштейт. Журналист бир эле учурда текст жазып, видеого тартып, аны монтаждап жана алып баруучу катары дагы өзүн көрсөтө алышы керек. Бизде журналист жана оператор деп бөлүнүп бирге иш алып барышат. Ал жакта жөн гана текст жазуу менен оперативдүү жаңылыктар бөлүмүндө иштөө кыйын болушу мүмкүн. Канчалык журналист көп тармактуу болсо ошончолук ага талап чоң жана айлыгы жогору болот», - деди мекендешибиз.

Рахат алгач ТРТда кыргыз кызматында алып баруучу жана редактор болуп иштеген.

«Күн сайын радиого түз эфирге чыкчумун. Жаңы барганда жетекчилик иштердин баарын көргөзүп үйрөтүп жатты. ТРТнын имараты абдан чоң болгондуктан кабинеттери дагы окшош жана көп. Мен бир кабинетте отуруп материалдарды даярдап, түз эфирге студияга барар элем. Башында түз эфирге беш мүнөт калганда студияга бара жатып адашып кеткем. Жетекчим менен бирге жаңылыктарды алып барчумун. Адашпоо үчүн жетекчимди ээрчип алар элем. Бир күнү өзү эртерээк кетип, "мени аркаман кел" деди, беш мүнөт калганда студияны издеп таппай, башка ошого окшогон кабинеттерди айланып жүрө берип, эфирге бир нече секунд калганда бышылдап кирип баргам. Түз эфирге кечигүү болбойт. Анткени түз эфир алып баруучуну күтүп турбайт. Ошондой учурда бир секунддун дагы баркы билинет», - деп кошумчалады ал.

Рахат журналисттик кесиптен тыныгуу алып, чет жерден керектүү тажрыйба топтоо үчүн 2017-жылы эл аралык компанияда иштеп баштаган.

«Антальянын курорттук региондорунда туристтерге кызмат көрсөтүү тармагында иштедим. Ал жерде туристтерди тосуп алып, аларга керектүү маалыматтарды берип, маданият, тарых жана кооз жерлер тууралуу айтып берип, компанияга тиешелүү маселелер болгондо өз ордунда чечип, кээде котормочу да болуп иштеп жаттым. Туризм тармагында иштеген абдан жакты. Эл аралык стандарт менен иштеп, дүйнөлүк көз карашым мурдагыдан дагы кеңейди деп айта алам. Буюрса бул тажрыйбаларымды өз өлкөмдө колдонуп, Кыргызстанды туризм тармагында эл аралык деңгээлге жеткирүүгө өз салымымды кошкум келет.

Эмгек жолдорумду айта кетсем, студент кезде маяна албай газета, радио, телеберүүлөрдө жөн гана тажрыйба топтоп иштедим. Ал эми жогорку окуу жайды аяктаган соң, маалымат агенттигине кирип, ошондо биринчи жолу мамлекет тарабынан маяна алып баштадым. Ал жерде эки жарым жылдай эмгектенип, бир нече долбоорлордо координатор катары иш алып бардым. Журналисттер коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашкан "Устат-Шакирт" жана БУУнун өнүктүрүү программасынын "Сот адилеттүүлүгүнө жетүү" аттуу долбоорлорунда координатор болуп эмгектенгем. 2016-жылы эл аралык агенттикте корреспондент болуп иштедим. Андан соң, Түркиядагы Intourist Thomas Cook компаниясына кирдим. Чет өлкөдөн келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын пресс-катчысы болуп дайындалгам.
2013-жылы "Уя" аттуу кыска метраждуу тасмам Кыргызстандагы жаш режиссерлордун "Тынчтык жана ынтымак" аттуу фестивалында баш байгеге ээ болгон. Ошондой эле, Түркиянын Конья шаарында өткөрүлгөн "Бактылуу уй-булө" аттуу фестивалда экинчи орунду багындыргам. 2014-жылы болсо ошол эле тасмам Кытайда өткөн "Рыбий глаз" фестивалында «Мыкты документалдык тасма» деп аталган. 2012-жылы "Бишкек сулуусу" аттуу сынактын жарым финалында вице-мисс аталгам. 2016-жылдан бери «Журналисттер» коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Чет өлкөдө өз ишин мыкты билген лидер жетекчилерди көрүп ишке болгон кызыгуум абдан жогорулады. Анын үстүнө эгер мыйзамга баш ийип, виза ачып, тиешелүү документтерге ээ болсоң чет жерде иштөө абдан ыңгайлуу экен. Ал жерде жашоо, шарт жакшы, айлык маяна жогору, медициналык камсыздандыруу жана башка ушул сыяктуу жагдайлардын баары каралган. Эгер ишти туура аткарып, жоопкерчиликтүү болсоң эч ким ашыкча ишиңе кийлигишпейт, тактап айтканда ар ким өз функциясын иреттүү аткарат жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Дагы бир маанилүү нерсе, чет жерде билимди жана тажрыйбаны колдонууга толук мүмкүнчүлүк бар. Менин оюмча ал жерде билимдүү, аракетчил адамдарды баалай билишет. Ошондуктан андай жерлер өнүгүп жатат деп ойлойм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1925
Көп окулду
×