Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.02.2018 14:11

Караколдо 2 айга созулган футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында декабрь айында башталган «Каракол лигасы» футболдук мелдеши жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу футбол федерациясынын облустагы жетекчиси Алмаз Усупов билдирди.

Анын айтымында, мелдеште облустун ар аймагынан 23 команда күч сынашты.

«Түп районунан 2, Жети-Өгүз районунан 1, Ак-Суу районунан 3 команда жана калганы Каракол шаарынан чыккан командалар болду. Мелдеш жылда болуп, салтка айланып бара жатат», - дейт ал.

Жыйынтыгында Каракол шаарынын балдарынан куралган «Жаш достук» командасы биринчи орунга чыкты. Экинчи орунду «Ак-Тилек+» командасы ээлесе, 3-орунду Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринен куралган команда багынтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×