Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Ак-Сууда былтыр кутурма оорусуна каршы дары алуу үчүн 108 адам дарыгерлерге кайрылган

Turmush -  Ак-Суу районунда 2017-жылы жаныбарлар тиштеп, кутурма оорусуна каршы дары алуу үчүн 108 адам дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлнара Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, кайрылган адамдардын ичинен 33ү өспүрүмдөр болгон.

«108 адамдын 54ү жергиликтүү тургундардын иттеринен жабыркаса, 7 адам жолбун иттерден, келемиштен 5 адам, түлкүдөн 7 адам, жылкыдан 15 киши, мышыктан 7 адам жана эшектен, кашкулактан бирден адам, уйдан эки адам жабыркаган», - деди Г.Орозбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 486
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×