Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Ак-Суу районунда эже-сиңди диний көз караштан улам мектепке барышпайт

Turmush -  Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылында эки окуучу диний көз караштан улам мектепке келбей калышты. Бул тууралуу райондук коллегияда айтылды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиевдин айтымында, эки окуучу бир үй-бүлөнүн кыздары жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, ага карабастан кыздардын атасы чечимин өзгөрткөн эмес.

«Бул үйгө акимиаттын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге бир нече жолу бардык. Алар эшигин бекитип, терезелерин жаап коет. Балдардын энесине кайрылсак, ары карап сүйлөйт. Бүгүн прокуратурага кат бердик. Кыздар быйылкы жылы октябрдан бери мектепке келбей жатышат», - деди ал.

Мектепке келбей жаткан кыздардын бири 1-класста, экинчиси 7-класста окуйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1460
Көп окулду
×