Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.01.2018 18:30

Видео — Ак-Суунун алыскы айылдарына баруучу жолдорду шамалдан улам кар күрткү басып калды

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы айылдарына баруучу жолду шамалдан улам кар күрткү басып калууда. Бул тууралуу №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариел Жаныбеков билдирди.

Анын айтуусунда, жолчулар 26-январдан бери күн-түнү иштеп жатышат. Кар жаабаганы менен шамал болуп, тазаланган жолдорго кайра кар күрткү пайда болууда.

«Каракол—Эңгилчек жолундагы Чоң-Ашууда азыр бир жарым метр кар жатат. Ал жерде да бороон болсо жол жабылышы мүмкүн. Азыр эки техника иштеп жатат, жол ачык. Мындан сырткары, Каракол—Раздольная жолу, Боз-Учук—Жыргалаң жолу да ушундай абалда. Жыргалаңда кар эки метр болуп кетти. Бул жолдо дагы 7 техника иштеп жатат. Азыр бизде жалпысынан 11 техника бар. Азырынча жетишип жатабыз. Эгер жетишпесек облустан атайын техникалар менен даярдалган ыкчам топ жардам берет», - деди Т.Жаныбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×