Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.01.2018 14:20 На русском

Ак-Сууда 4 бала, 1 аял иске ууланып ооруканага түштү

Turmush -  Ак-Суу районунда 4 бала жана 1 аял мештен чыккан иске ууланып, кечээ, 30-январда саат 22:40 чамасында ооруканага түшкөн. Учурда алардын абалы туруктуу. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жабырлануучу Н.Бурукованын айтымында, ал кызы менен Бишкек шаарынан Ак-Суу районуна конокко келген.

«Мен бир жаштагы кызым Ханифа менен Бишкек шаарынан инимдикине 28-январда конокко келгем. Мурда мешке от жагылып жаткан. 30-январда эртең менен саат 11:00 чамасында келиним от жакса, үйдүн ичи түтүн болуп кетти. Эшиктерди ачып, таза аба киргиздик. Кечке маал келиним жумушка кетти. Бир аздан кийин жүрөгүм айлана баштады. Кускум келип, кустум. Андан кийин балдар куса баштады», - дейт Н.Бурукова.

Ошол маалда үй ээси Гүляйша Орозбакова жумуштан келип, тез жардам чакырган.

«Иштен келсем кызым кусуп жатыптыр. Коркуп, тез жардамга чалдым. Эмне дары берсем болот деп сурадым. Ал жактагы дарыгер өздөрү келип, оорукана баарыбызды алып келди. Үйдүн иси кеткиче, эртең мененкиге чейин ооруканада болдук. Азыр баарынын абалы жакшы», - дейт ал.

Ооруканага 44 жаштагы Гүляйша Орозбакова жана анын бир жаштагы кызы Ханифа, үй ээсинин 13 жаштагы кызы Эркайым, неберелери — 9 жаштагы Амина жана 3 жаштагы Фатима жаткырылган.

«Жабырлануучулар тез жардам унаасы менен келишти. Айрымдарын кислород менен дем алдырдык. Учурда балдардын абалы жакшы», - дейт оорукананын жетекчисинин орун басары Роза Түнгатарова.

Ал эми балдар бөлүмүнүн башчысы К.Токторбаева учурда балдар анализ тапшырганын, эми үйлөрүнө чыгышарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×