Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.01.2018 12:44

Ак-Сууда өткөн жылы 14 жашка чейинки 31 бала каза болгон

Turmush -  Ак-Суу районундагы медициналык мекемелерге 22 кызматкер жетишпейт. Бул тууралуу райондук администрациянын башчысынын орун басары Гүлнара Орозбаева райондук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги көйгөй жаратууда.

«Райондук мекемелер медициналык 4 унаага муктаж болууда. 2017-жылы райондо энелердин өлүмү катталган эмес, бирок, 14 жашка чейинки 31 бала каза болгон. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 7 учурга аз. Райондо 2017-жылы 1658 бала төрөлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×