Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.01.2018 09:02

Ак-Суу аймактык ооруканасынан электр энергияны күнүнө 4 саатка өчүрүүнү талап кылышууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук аймактык ооруканасы электр энергия менен жылытылат. Анда күнүнө эртең менен 2 саат, кечкисин 2 саат электр жарыгын өчүрүүнү техникалык инспекциянын кызматкерлери талап кылып, акт түзүп жатат. Бул тууралуу облустук коллегияда аталган оорукананын жетекчиси Эркин Урманаев билдирди.

Анын айтымында, жылытуу өчүрүлсө, имарат такыр жылыбай калат.

«22-январдан тартып эле Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз боюнча техникалык инспекциянын кызматкерлери келип, жылытууну 2 сааттан, эки мал өчүргүлө деп талап кылып, аны аткарбасак акт түзүп жатышат. Эшикте катуу суук болуп, оорукананы араң жылытып жатабыз. 4 саатта имарат тоңуп калат», - дейт ал.

Ал эми техникалык инспекциянын жетекчиси бул маселе боюнча маалыматы жок экендигин айтты.
Андан улам облус жетекчиси У.Жылкыбаев прокуратура кызматкерлери менен бирге текшерүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган оорукана 1986-жылдан бери электр энергиясы менен жылытылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×