Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Ак-Суунун Теплоключенка айыл аймагында 1200 наристе бала бакчага кезекте турат

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында 1200 наристе бала бакчага кезекте турат. Бул тууралуу айыл аймактан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Теплоключенка айыл аймагында бала бакчалар жетишсиз.

«Айылдагы «Күнчубак», «Келечек» бала бакчаларында бир керебетте экиден бала жатат. Бул бала бакчалар дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Айылга дагы жаңы бала бакчаларды куруу керек. Учурда айыл боюнча жалпы 1200 наристе бала бакчага кезекте турушат», - деп билдиришти айыл аймактан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×