Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Ак-Сууда жаштарга жеке ишкердиктин жолдорун үйрөтүүнү көздөгөн форум уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда «Жигердүү жаштар - өлкөнүн келечеги» форуму болуп өттү. Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Лидер» ыктыярчы жаштар уюмунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, форум райондогу Мамакеев атындагы орто мектебинде 20-январда өттү. Ага Ак-Суу районунун 33 мектебинин активдүү окуучулары жана мугалимдери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар ыктыярчылык, ишкердик тууралуу ой бөлүшүп, ишкердик кылуу боюнча тажрыйба алмашып, театр-форум өткөрүштү.

Жаштарга ишкердик жүргүзүүнүн жолдорун үйрөтүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылган форум «Жаш лидерлердин билимин жогорулатуу курсу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1829
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×