Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Карышкыр сезону: Ак-Суунун сырт өрөөнүндө мергенчилердин тобу 5 карышкырды атып өлтүрүштү (фото)

Turmush -  Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу районунда 5 карышкырды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу аталган департаменттин кызматкери Жанышбек Масиев билдирди.

Анын айтымында, 20-январь күнү Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндөгү Кайыңкы тилкесинин тургундары департаментке карышкырлардын санын кыскартуу боюнча кайрылышкан.

«Аталган жерге мергенчилердин тобу барып, 5 карышкырды жок кылышты. Бул жылы карышкырлардын саны көп болуп, сырт өрөөнүндөгү мал жандыктарга зыян келтиришүүдө. Жырткычтарды жок кылуу улантылат», - деди Ж.Масиев.

Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндө карышкырлар бир суткада 1 ат, 2 топоз жана 1 уй жеп кетишкен.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургун алдын ала маалыматтарга шилтеме берүү менен 16-январь күнү сырт өрөөнүнүн Көл аймагында карышкырлар сарайга кирип, 60 койду жок кылганын билдирди. Келтирилген зыян болжол менен 350 миң сомду түзөт.

«Көл аймагына кышында баруу оңой эмес. Жергиликтүү тургундарда мындай учурларда ок атуучу курал болушу керек. Учурда карышкырлар үйүрү менен жүргөндүктөн келтирилген зыян көп болуп жатат», - деди жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:47,   17.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×