Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Теплоключенка айылында жергиликтүү бийлик эл менен WhatsApp аркылуу байланышууда (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тургундар менен WhatsApp аркылуу байланышып иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган айылда мобилдик механизм долбоору боюнча иш алып барып жаткан адис Жаркынай Амантурова билдирди.

Анын айтымында, АКШнын жардамы аркылуу ишке ашып жаткан бул долбоор жакшы натыйжа берүүдө.

«WhatsApp аркылуу мобилдик механизм долбоору сентябрь айында ишке кирген. Бул жергиликтүү бийлик менен элдин ортосунда ажырымды оңдоо менен айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн элге так, туура жеткирүү, ошол эле учурда тургундардын сын-пикирин, сунуштарын угуу максатын көздөдү. Бүгүнкү күндө айылда WhatsApp менен кайрылгандардын саны 200дөн ашып калды. Ал эми, жалпы колдонуп жаткандар 250дөн ашты. Тургундар мурда айыл өкмөткө келип, кезекке туруп, өз маселелерин айтып кайрылса, азыр телефон аркылуу гана суроолорго жооп алып жатышат. Мунун негизинде айыл өкмөткө келгендердин саны эки эсеге азайды. Азыр тургундар айыл өкмөткө келип убара болбостон, өзүнүн суроолорун, кайрылууларын, сунуштарын үйүндө отуруп айта алышат. Бул абдан ыңгайлуу экен. Андыктан, биз башка айыл өкмөттөргө да бул тажрыйбаны бөлүшө алабыз», - деди Ж.Амантурова.

Бул ишти баштоодо айыл өкмөт тарабынан WhatsApp номурлар айылдарга таратылган. Алар менен байланыш түзүү үчүн тургундар «аймак» деген купуя сөздү жазып, дарегин билдиришкен. Андан соң аларга маалымат жеке түрдө бериле баштаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 732
Көп окулду
×