Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Ак-Суудагы дыйкан-фермерлер инновациялык ыкмаларды өздөштүрүүнү үйрөнүштү

Turmush -  Ак-Суу районунда фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү боюнча окуу өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Окуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана милиорация министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага фермер, дыйкандардан сырткары, район жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары катышты. Анда өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармагын адистештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен экспорттук суроо-талапка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору дыйкандарга сунушталып, дыйкан, фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу маселеси каралды.

Мында айыл чарба өсүмдүктөрүн, мал чарба продукцияларын кайра иштетүүдө инновациялык ыкмаларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүүчү долбоорлор тууралуу маалыматтар берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1103
Көп окулду
×