Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.01.2018 11:59 На русском

Ак-Сууда «Нива» унаасы бир нече жолу оодаралып, 2 адам каза болду, бирөө ооруканада (толукталды)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, бир жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди, деп билдиришти өздүк булактар.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсык 18-январда саат 03:00 чамасында Ак-Суу айылынын аймагында катталып, унаа жардан кулап кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен Б.З. жана Л.А. аттуу жергиликтүү тургундар алган жарааттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми ооруканага оор абалда 1964-жылы туулган Э.С. жеткирилип, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кийинчерээк Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсык 18-январга караган түнү саат 01:30 чамасында Чоң-Талды-Суу капчыгайында Эңилчек айылына жакын жерде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Эңгилчек айылынын 36 жаштагы тургуну Б.З. аталган капчыгайдан түштүктөн түндүккө карай «Нива Тайга» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда башкаруусун жоготуп, жардан кулап кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, Сары-Жаз дарясына түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен «Нива Тайга» унаасынын айдоочусу жана 26 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду. Унаанын дагы бир жүргүнчүсү — Эңилчек айылынын 53 жаштагы тургуну Ж.С. оор жаракаттары менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Окуя болгон жерде Ак-Суу районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×