Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Теплоключенка айылында 400 чырак коюлду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында 400 чырак коюлду. Бул тууралуу айылдын башчысы Талант Кобонбаев билдирди.

Анын айтымында, айылдын борбордук Кыдыр аке, Ленин көчөсүндө электр кубатын үнөмдөөчү 137 чырак коюлду. Андан тышкары, Боромбай хан көчөсүндө 62, Сыдыкбеков көчөсүнө 60, Шапак баатыр жана Октябрь көчөлөрүнө 48 жана башка көчөлөргө жарык берүүчү чырактар коюлду.

«Учурда айылдын көчөлөрүн жарыктандырып, жалпы 14 көчөгө 400 чырак койдук. 100 чырак айылдан чыккан демөөрчүлөр тарабынан коюлса, калганы айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен жасалды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1129
Көп окулду
×