Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Ак-Суунун Сары-Камыш айылынын футболчулары спорт комплекс куруп берүүнү өтүнүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу жергиликтүү спортчулар Каракол шаарына чейин барып машыгышат. Бул тууралуу айыл башчы Улан Султаш уулу билдирди.

Анын айтымында, Сары-Камыш айылында футбол боюнча 5 команда бар. Алар райондук, облустук мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып, облустун курама командасына киришкен. Айылда маркум футболчу Анарбек уулу Азаттын жаркын элесине арналган команда 2007-жылы уюшулган. Азат «Дордой» командасынын жаштар лигасында ойночу.

«Ысык-Көл облусу боюнча футболдун чебери Келкел Анарбеков биздин айылдан чыккан. Футбол сүйүүчүлөр жумасына эки жолу Караколдогу спорт залды ижарага алышат. Машыгуу үчүн шаарга чейин келишет. Ак-Суу району боюнча чоң мелдештерди өткөрүүгө заманбап спорт комплекс жок. Биздин айылга ошондой жай курулса жакшы болот эле. Учурда жерибиз бар, анын кызыл китебин да алдык. Курулушка 19 млн сомго жакын каражат керек экен. Азыр биз өкмөткө жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна да кайрылып жатабыз», - деди айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×