Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Ак-Сууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу маселеси талкууланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-январда Ак-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууну көздөгөн окуу семинары өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Ийгиликтүү аймак» долбоорунун негизинде өткөн иш-чарага райондун жетекчилиги, облустагы башка райондордун, айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты. Анда өнөктөш муниципалитеттерге жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, жарандар менен иштөөдөгү негизги кемчиликтерди аныктоо, калкты суу менен камсыздоо, жарык берүү өңдүү кызматтарды жакшыртуу жолдору талкууланды.

Семинар ишти пландоо, бюджетти түзүү, башкаруу жана көзөмөлдү жүргүзүүнү, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү, жарандардын ишенимин жогорулатууну жана аймактардын ортосунда тажырыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1146
Көп окулду
×