Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Ак-Суудагы малчыларга 5 боз үй сатып алышты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн жайыт комитети малчыларга шарт түзүү максатында эл аралык уюмга долбоор жазып, малчыларга 5 боз үй сатып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, боз үйлөрдү алууга гранттык каражаттан 175 миң 750 сом бөлүнгөн. Ал эми калктын салымы 59 миң 750 сомду түздү. Сатып алууга кеткен жалпы каражат 235 миң 500 сомду түздү. Боз үйдө күн энергиясы менен иштөөчү батарея чырактары менен жана башка жабдуулар бар.

Ошондой эле, жайыттагы тоют базасын жакшыртуу үчүн көлөмү 500 литр келген дары чачуучу 3 агрегат сатып алынды. Алардын жалпы баасы 150 миң сомду түздү. Жабдуулар 112 миң 500 сом гранттык каражатка жана калыктын салымы болгон 38 миң сомго алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1443
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×