Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Алыскы Жыргалаңда 3 күндүк бороондон кийин кардын калыңдыгы 1 метрден ашты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылында 3 күн бою бороон болуп, кар үйлөнгөн жерлерде калыңдыгы бир метрге чейин жетти. Айылдагы абал тууралуу жергиликтүү тургун Кайрат Дөргөев бүгүн, 15-январда билдирди.

Анын айтымында, айылдыктар бул жылы кар аз жааганына кабатырланып жатышкан.

«Кар быйыл аз жаап жаткан. Бирок акыркы 3 күндө кар токтобой жаап, бороон болгондуктан айрым жерлерге кар үйлөп, калыңдап калды», - деди ал.

Ал эми, айыл өкмөттүн башчысы Талгат Мукалаев Жыргалаңга баруучу жолдогу кыймылга тоскоолдук жаратпоо максатында жолчулардын жумушу көбөйгөнүн айтууда. Учурда Жыргалаңда каттамга чектөө жок.

Быйыл алыскы Жыргалаң айылында алгачкы кар 7-ноябрда жааган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 4-5 ай эмес 8 айга чейин уланат. Адатта сентябрь айында эле кар түшүп, толугу менен май айында ээрийт.

«Айылдын жашоочулары облустун ар кайсыл райондорунан көчүп келишкен. Ага карабай баары ынтымактуу. Ар бир көйгөй жана жетишкен ийгиликтер айылдыктарга белгилүү. Жакында эле ич ара тартип киргизип, спирт ичимдиктерин саткан жана ичкен жарандарга айып пул салып жатабыз. Бул боюнча чогулуштар өткөрүлүп, аракечтерди 15 күнгө камап жатабыз», - деп билдиришкен айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×