Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.01.2018 12:15

Ак-Суудагы өрттөнгөн турак үйдөн 2 адамдын жансыз денеси табылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бүгүн, 15-январда ӨКМ билдирген маалыматка караганда, өрт Мамбетов көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыккан.

«Өрт кырсык болгон жерден 1949-жылы туулган Т.К. жана 1964-жылы туулган Т.С. аттуу жарандардын жансыз денелери табылды. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн бөлмөсүнүн жыгач устундуу полу жана үй эмеректери күйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Өрткө тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×