Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.01.2018 12:30

Ак-Суунун Үч-Кайнар айылында тигүү цехи ачылып, 5 адам иш менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында тигүү цехи ачылып, 5 адам иш менен камсыз болду. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Азамат Калмакиев билдирди.

Анын айтуусунда, элеттиктер долбоор жазып, 5 миң доллардан 5 тигүүчү машина алышкан. Эми анда айылдагы кыз-келиндер иштеп башташат.

Аталган цехтин башчысы Кыял Мамбеталиева тигүү цехин ачууну көптөн бери кыялданып жүргөнүн айтат. Ал кичинесинен бери тикмечиликке кызыгып, 2006-жылдан бери өз алдынча иштеп баштаган. Алгач айылдагы уз энелерге барып, тикмечиликтин ыкмаларын үйрөнгөн. 2015-жылдан баштап өзүнүн жанына эки курбу алып, элден буюртма алып иштей башташкан. Учурда алардын саны 5ке жетти.

«Биз буга чейин айылдыктардын сураганын тигип берип келгенбиз. Элдик кошуундардын кийимдерин, айыл жеринде келиндер кийүүчү халаттарды тиктик. Жакында Бишкектен кардар таап, ага кичинекей балдар ойногондо кийген кийимдерди тиге баштадык. Эми жаңы имаратка көчсөк, ишибиз жемиштүү боло баштайт деп ишенем», - деди ал.

Ал эми А.Калмыкеев айылдагы ишкерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берип турушарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×