Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-cуулук Б.Медерова 30 жыл эмгектенген эски ФАП менен коштошту (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында эски ФАП жабылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургун Бурулуш Медерованын айтымында, ал эски ФАПта 30 жыл эмгектенген. 1970-жылы айылдагы фельдшер-акушердик пункттун башчысы болуп иштей баштаган. Быйыл айылга жаңы ФАП курулуп, эскиси жабылды.

«Быйыл айылга жаңы ФАП курулганына кубанып турам. Биз бир кезде катаал шартта малчыларды тейлеп, жайлоого чейин барып иштедик. Эки бөлмөлүү эски ФАПта азыркыдай шарт жок эле. Бирок колдон келишинче аракет жасадык. Тилегеним эл аман болуп, энелердин өлүмү жок болсун», - дейт 69 жаштагы Б.Медерова.

Отуз-Уул айылынын кызы өзү жактырган жигитке турмушка чыгып, Үч-Кайнар айылына келин болгон. Учурда анын 5 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 618
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×