Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.12.2017 12:43

Ак-Суудагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектер берилди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы балдар үйүнө Каракол, Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы белек тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мекеменин башчысы Эрнест Сулайманбеков баш болгон өкүлдөр 72 балага белек жана кийим-кече тапшырышты.

«Биз буга чейин Караколдогу улгайган, багар-көрөрү жок адамдарга, көп балалууларга жардам берип келгенбиз. Бул жолу Ак-Суу районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кубаныч тартуулайлы дедик. Бул жердеги балдардын ар бирине бакыт, кең келечек каалайм», - деп билдирди ал.

Ал эми балдар үйүнүн директору Ж.Ниязова мында 72 бала тарбияланарын белгилеп, келген меймандарга ыраазычылык билдирди. Ал эми балдар өз кезегинде өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×