Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.12.2017 12:32

Боз-Учук айылында 60 муктаж адамга жардам берилди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 60 адамга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Боз-Учук айыл аймагынын башчысы К.Тыналиев маалымдады.

Анын айтымында, аймакта 6782 адам жашайт. Айыл аймактын карамагындагы 3 айылда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 120 адам бар.

«Биз ар дайым аларга колдоо көрсөтүүнү колго алып келебиз. Бул ирет 60 адамга ун жана азык-түлүк алуу үчүн айыл аймактан каражат бөлүнүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип бердик. Кайрымдуулук иштер дагы улантылат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×