Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суунун Кереге-Таш айылында улуттук баалуулуктар даңазаланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы Ж.Алышбаев атындагы орто мектебинде «Тарбиялоонун азыгы – улуттун маданий казынасында» темасында облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган семинарга өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөр, акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору катышты. Семинарда «Биздин мектеп», «Кыргыздын материалдык маданияты» аталышындагы презентациялар көрсөтүлүп, 2-7-класстын окуучуларына музыка сабагынан «Кыргыздын улуттук аспаптары», 4-класска адеп сабагынан «Бешикке бала салуу», 9-класска «Кыдыр аке журт атасы», 6-класска англис тили сабагынан «Кыргызстан» деген темаларда ачык сааттар өткөрүлдү.

Ал эми класстан тышкаркы саатта «Бий көрктүү болуш үчүн» деген темада көнүгүүлөр аткарылып, 11-класстын окуучуларына кыргыз адабияты сабагынан «Манас насааты – турмуш сабагы» өткөрүлдү. Семинардын аягында конокторга атайын даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×