Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 13.12.2017 17:26

Жыргалаңда 30дан ашык айыл өкмөттүн башчылары туризмди өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагында туризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага Кыргызстан боюнча «Ханнс Зайдель» долбооруна кирген 30дан ашык айыл өкмөттүн башчылары катышты. Алар туризмди өнүктүрүүдө Жыргалаң айыл өкмөтүнүн жамааттарынын иштерин көрүп, айыл өкмөт башчысы, депутаттар жана жеке ишкерлер менен талкуу жүргүзүштү.

Ак-Суу районунун эң алыскы Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 8 айга созулуп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жетет. Айылда 200дөн ашык түтүн эл жашайт. Айыл райондун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан.

«Бул айылда жашоо кыйын, айдоо аянттары жок. Ошого карабай айыл элинин ынтымагы бекем. Акыркы үч жылдан бери элет элинин ынтымагы чыңдалып, айылда 9 жамаат түзүлдү. Жамааттар топ-топко бөлүнүп, өз ара фонддорун топтошот. Алдыңкы жамааттардын өздүк каражаттары 100 миң сомдой. Азыр тургундардын көпчүлүгү бул жерде туристтерди кабыл алуу мүмкүн экенин түшүнүп калышты», - дешет жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×